• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат иштеген пенсионерлерге пенсия төлөп бербөөнү сунуштады

16 Жетинин айы 2018 13:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV.
Иштеп жаткан пенсионерлер же айлык, же пенсия гана алышы керек. Бул тууралуу парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев 15-ноябрда билдирди.
Депутаттын айтымында, жылына пенсия үчүн мамлекеттик казынадан 50 млрд. сом төлөнөт.
“Пенсионерлердин тажрыйбасы мамлекетке керек. Бирок бюджеттен айлык алып жаткан соң пенсия берүүнү токтотуу зарыл. Же пенсия, же айлык алышсын. 40 миң адам бул өтө көп”, — деди депутат.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев жыйында, Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар экенин, алардын 40 миңи мамлекеттик кызматтарда иштерин айткан.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде 65 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө мыйзам жол бере турганын кошумчалады. Өкмөт башчынын айтымында, айрым өлкөлөрдө иштеген пенсионерлер пенсиянын базалык бөлүгүн алышпайт. Кыргызстанда ал 1780 сомду түзөт.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15, 7 миң сомду түзөт.
Количество просмотров: 42