• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Исмаилова менен министр Чолпонбаев кыжыңдаша кетти

19 Жалган куран 2020 14:47 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрилиги вирустан коргонуу кийимдерин, илдетти жуктуруп алган бейтаптарды дарылап жаткан дарыгерлерге гана берилээрин айтты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Депутат Аида Исмаилова «Ак-Кеме» мейманканасындагы карантиндик чараларды көрүп жаткан дарыгерлердин атайын формалары жана бет каптары жок, ошондой эле тамак-аш менен камсыз болбой жаткандыгы тууралуу маалымдады.

«Ак-Кеме» мейманканасында умрага барып келген 19 адам бар. Алар ӨКМдин линиялары боюнча күнүнө 3 жолку тамак-аш менен камсыздалган . Ал эми дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампасында бет каптар бар. Дарыгерлердин илдетке каршы формалары да бар, бирок колдонуу жоопкерчилиги боюнча бир гана диагноз такталгандан кийин гана кийүүгө болот делген. Азыр бет каптар менен халаттар жеткиликтүү. Мына, Сузактагы дарыгерлер атайын илдетти алдын алуу кийимдери менен камсыздалган.«, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Космосбек Чолпонбаев.

Ал эми буга карай депутат Аида Исмаилова «Сиз башка дарыгерлерди да чоң коркунучка такап жатасыз. Башыңыз менен жооп бересиз», — деп жооп узатты.

Количество просмотров: 13378