Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.
«Бир Бол» парламенттик фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоону демилгелеп, суучулдар менен бирге көлдүн түбүнө түшүп, таштандыларды тазалап чыкты. Бул тууралуу социалдык тармакка видео жайгаштырган.
Мындан улам, Б.Турусбеков кесиптеши менен бирге “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.
Анын айтымында, Мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.