Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, өлкөдө жүрүп жаткан ызгаар суук боюнча маселе көтөрдү. Ал бул күндөрү учпай калган учактар тууралуу айтып, аба майданда учак күтүп калган жүргүнчүлөр үчүн шарт жок экенин белгиледи.
«Суук күндөрү учактар кечигип учуп, 5-6 саатка кармалып калып жатты, өзгөчө эл аралык каттамга чыга тургандар аба майданда күтүшөт. Ал жерде дьюти фриде бир пирожки 200 сомго чейин чыкты деп айтып жатышат, же тамак-аш бербейт экен, кайнак сууну эптеп сурап келдик деп жатышат, карап койбойлубу?» , — деди депутат.