• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Манас» аэропортунда бир катар каттамдар кармалууда

21 Үчтүн айы 202610:12 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу авиакаттамдар кармалууда.

Аэропорттун маалыматы боюнча, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кечигүүдө:

  • Анталия;
  • Казань;
  • Шарм-эль-Шейх.

Аэропорттун аймагында көрүү мүмкүнчүлүгү мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдар кармалышы мүмкүн.

Жүргүнчүлөргө учуулардын тактап, маалыматтардын жаңылануусун байкап туруу сунушталат.

Количество просмотров: 174