• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Манас” аэропортунда каттамдар жандана баштады

24 Бештин айы 202512:41 Бишкек Govori.TV

“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар жанданып, аба майданындагы абал турукташа баштады.

Маалыматка ылайык, учурда көрүү аралыгы 1 миң 800 –3 миң метрди түзүп, туруксуз болуп жатканына карабастан, минималдуу чек 800 метрден төмөн түшкөн жок.

Авиациялык коопсуздукту эске алуу менен, буга чейин үзгүлтүккө учураган бардык каттамдар калыбына келтириле баштады. Жалпысынан кырдаал нормалдашып, аба каттамдары кадимки тартипте аткарылууда.

Количество просмотров: 76