• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто аэропортко кетчү жол оңдолууда

30 Жалган куран 202617:11 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында «Манас-Ата» аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, долбоорго ылайык, Ош көчөсү Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болот. Ошондой эле Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернативдик жолдордун бири болуп кызмат кылат.

Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, туурасы 24 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган. Мэр Жанарбек Акаев аталган жол шаар үчүн эң маанилүү жана артыкчылыктуу долбоорлордун бири экенин баса белгиледи.

Количество просмотров: 118