• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат картошканын баасы кымбат болуп жатканын билдирип, көзөмөлгө алууну айтты

5 Бирдин айы 202511:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкекте картошканын килограммы 60-65 сомго чейин кымбаттап жатканын билдирди.

“Эл үчүн 1 кг картошка 60 сом деген баа жогору. Мисалы, бир кап ун сатып алсаңыз 1700-1800 сом болсо ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2500-3000 сом болуп калды”, — деди ал.

Депутат Айыл чарба министрлигинен бааларды мындай кымбаттатуу болбошу үчүн айдоо сезонуна даярдыктар жана келерки жылдын пландары тууралуу депутаттарга маалымат берүүнү суранды.

Количество просмотров: 196