• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат Касымалиева премьерди жооп берүүгө чакырды

9 Тогуздун айы 2018 11:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
Депутат Аида Касымалиева көптөн бери эле көпчүлүктүн көңүл чордонуна келе жаткан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги окуялар боюнча премьр-министрди жооп берүүгө чакырды.
«Мага ар тараптан көптөгөн суроолор келип жатат. «Алар жөн гана жумушунан кетип тим болбостон, алган акчаларын казынага кайтарып берилиши керек»,-деген суроолор болууда. Ушундай коомдо кызуу талкуу болуп жаткан учурда премьр-министр чечим чыгарчу адам баардык фактыларды колго алган соң, прокуратура айткандан кийин унчукпай жатканы мага табышмак болууда. Же ага маалымат жетпей жатабы, билбейм. Мына эки жумадан бери күтүп атам, премьер айтып коюушу керек эле, «карап жатабыз» же «териштирүу болот»,- деп»,-деди Касымалиева.

Эске салсак, Аида Касымалиева Эмгек жана өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын мыйзамсыз, мамлекет эсебинен эс алууга чет өлкөлөргө чыгып келгенин айтып чыккан.

Количество просмотров: 38