• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат катышкан мушташ: Абиров менен жабырлануучу жолукту (видео)

28 Жалган куран 2023 12:14 Бишкек Govori.TV

ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташта жабыркаган жаран жана анын жакындары менен жолугушуп, кечирим сураган. Бул тууралуу видео жана сүрөттөр соцтармактарда тарап жатат.

Маалыматтарга ылайык, ур-токмокко алган тарап жабырлануучу жана анын энеси менен жолугушуп, элдешишкен.

Эске салсак, 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган. Буга чейин Башкы прокуратура Жаныбек Абировду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Депутаттар комиссия түзүшкөн болчу.

Ал эми кечээ, 27-мартта Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арызын жазганын билдирген. БШК анын арызын канааттандырган.

Количество просмотров: 1628