• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутат Кенжебек Бокоев: “Облустук деңгээлдеги бийликти жоюш керек”

3 Бугу 2018 14:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03. 05. 2018. Gov ori.TV
“Облустук администрация, облустук УКМК, облустук ички иштер башкармалыгын, военкомат, статком сыяктуу мекемелерди жоюу керек.  Мындай пикирин депутат Кенжебек Бокоев, бүгүн «Айыл аймактарын жана айыл өкмөттөрүн өнүгүшү» боюнча бизнес ланчта айтты.
Эл өкүлүнүн айтымында, административдик-территориялык реформаларды баштоо үчүн, алды менен аймактарды ирилештирүү, айыл өкмөттөрдү эл тарабынан түз шайлоого өтүү кажет.
“Облустук деңгээлди жою, тагырагы облустук администрация, облустук УКМК, облустук ички иштер башкармалыгын, военкомат, статком сыяктуу мекемлерди жоюушубуз керек. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджет мамлекеттик бюджеттин 11% түзөт, эки эсе көтөрүп, жок дегенде 20% жеткириш керек, учурда 82% айыл өкмөттөр дотацияда турат”,-дейт ал.
Ошону менен бирге эле эл өкүлү  райондун акимдери түз премьер-министр менен, райондук ички иштер бөлүмү жана башка органдар түз министирлик менен иштетүү мамлекетти эффективдүү башкарууга  алып келээрин кошумчалайт.
Количество просмотров: 31