• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат өкмөт башчыга: Бизге 4 вице-премьер-министр керекпи?

5 Бирдин айы 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкер Замирбек Аскаров жана вице-премьер-министр кызматына талапкер Эркин Асрандиев тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев өкмөт башчыга: «Сизге 4 вице-премьер-министр ашыкча эмеспи? Бизге 4 вице-премьер-министр керекпи?», — деп суроо берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Иштей турган иш көп, ашыкча эмес», — деди.

Депутаттын айтымында, вице-премьер-министр кызматына татыктуу талапкер тандалды.

«Силер Асрандиевди кантип ынандырып койдуңар? Анын айлыгы он эсе төмөндөйт. Кандай механизмди таптыңар?», — деди Бекешев.

Өкмөт башчы бул иш сүйлөшүү жолу менен жасалганын, Асрандиевдин мекенге, мамлекетке кызмат кылуу ниети бар экенин айтты. Ал белгилегендей, мындай маселелерде айлык маселеси негизги ролду аткарбайт.

Ошондой эле депутат Эркин Асрандиевге бул кызматка келгенде кандай иштерди жасай турганын сурап, жооп алды.

Количество просмотров: 91