• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат: Өкмөт Кытайдагы этникалык кыргыздар тууралуу маалымат берсин

27 Жетинин айы 2018 15:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
ЖК депутаты  Таабалды Тиллаев Кытайдагы атайын «саясий тарбиялоочу борборлордо» кармалып отурган кыргыздар боюнча өкмөттөн маалымат угууну сунуштады.
Маселени депутат конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында көтөргөн.
«Кытайдагы кыргыздар тууралуу өкмөткө тапшырма берсек, бизге маалымат беришсин. Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип койсо, анткени коомдо парламент үн катпай жатат деген пикирлер айтылууда», — деди Таабалды Тиллаев.
Депутат Исхак Масалиев мында кыргыз жарандары эмес,  кытай жарандары жөнүндө сөз болуп жатканын айтып, Тышкы иштер министрлигинин маалымат бергени жетиштүү экенин билдирди.
Буга чейин Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети КР президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан. 50 миңдей кыргыз «саясий тарбиялоочу борборлордо» камалып отурганы айтылууда.
Количество просмотров: 39