• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат өкмөткө залкар инсандарга көзү тирүүсүндө кам көрүүнү сунуштады

12 Бугу 2020 14:42 Бишкек Govori.TV

Депутат Курманкул Зулушев өкмөткө маданият боюнча кагаз жүзүндө, үстүртөн эмес, реалдуу жаңылыктарды киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 12-майдагы жыйынында айтты.

Зулушев өкмөттүн отчетунда  маданиятка салым кошуп жаткан (тирүү залкарлар) манасчы, төкмө акындар боюнча бир да иш-чара көрсөтүлбөгөнүн сынга алды.

«Манасчы, төкмө акындар — өткөн маданиятыбыздын мурасы, келечектин үлгүсү. Кыргыз эли ошолорго карап түздөнөбүз. Жакында эле улуу залкарлар Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун каза болушун коомчулук кандай дүрбөлөңгө түшүп кабыл алды? Жүрөгү бүгүнкүгө чейин ооруп турат. Бул боюнча өкмөт эч кандай билдирүү кылган жок. Келечекке болгон кам көрүү ушул жерде жатат. Таланттар көзү өтүп кеткен соң мактап, ай-асманга теңеп, канча жылдан соң юбилейин өткөрбөй, көзү тирүү кезинде иш-чара уюштурсаңыздар жакшы болот эле», — деди депутат Зулушев.

Ошондой эле ал саналуу гана залкарлар калганын, аларга жөлөк пул, пенсия чектөө өкмөт башчынын колунда экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 125