• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартты

19 Аяк оона 201915:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында айтылды.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берип жатат. Бүгүнкү жыйынга ЖК депутаты Ирина Карамушкина дагы чакырылган.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

Количество просмотров: 1615