• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Коргонбай уулу мамкызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартууну сунуштабаганын айтып чыкты

24 Бугу 202210:56 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чиновниктердин эмгек өргүүсүнүн убактысын узартуу боюнча сунуш берген эмесмин. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Өзүм Санкт-Петербург шаарынан учуп келгениме эки күн эми болду. Жалган маалыматты абайласаңар! Мамлекеттеги чиновниктер тескерисинче кабинеттерине раскладушка коюп алып, жатып иштеш керек. Дем ала турган заман болбой жатат», — деп жазды ал.

Жогорку Кеңештин сайтында 20-майдан тартып “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек экени маалымдалган.

Мыйзам долбоорунда саясий жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык узактыгы 28 календардык күндөн көп болгон узартылган негизги эмгек өргүүсүн белгилеген ченем караштырыла турганы жазылган.

Количество просмотров: 358