• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал боюнча маселе көтөрдү

22 Бирдин айы 202215:20 Бишкек Govori.TV

Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өз оюбузду билдирели. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетининин жыйынында депутат Коргонбай Жусупбек уулу билдирди.

«Тынчтык жолуна чакыралы. Украина жана Орусия СССР учурунда бир мамлекетте 70 жыл жашаганбыз. Кандай болгон күндө да Украина дагы, Орусия дагы боордош элбиз. Бул учурда унчукпай туруп берген туура эмес. Качкындар болуп жатат. Андыктан парламенттин отурумунда өз оюбузду билдирип коёлу», — деди депутат.

Количество просмотров: 89