• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Депутат: Кош бойлуу аялдарды убактылуу кармоочу жайда кармоого тыюу салуу зарыл

4 Жетинин айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө оор кылмыш жасагандан башка учурларда кош бойлуу аялдарды кармоого тыюу салуу боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кош бойлуу аялдарды жана улгайган аялдарды шарты өтө начар болгон убактылуу кармоочу жайларда кармоого тыюу салуу зарыл. Анын ордуна элге адамкерчиликсиз мамиле кылган прокурорлорду жана милиционелерди ошол жерде калтыруу керек. «Кылмыш жасаган деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинде каралган кош бойлуу аялдарга карата берилген кепилдиктер сакталбай жатканына ишенем. Бизде милиция эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системасы жарандарга карата адамкерчиликсиз мамиле жасайт. Жарандарды камакка алуунун мыйзамдуулугун эске алуу керек болгондо, прокурорлор каякты карашат? Ал эми баш коргоо чарасы каралып жатканда судьялар кайда карашат?  Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен Кылмыш-жаза мыйзамдарына жасалган реформалардын бары текке кетти. Өкүнүчтүү» , — деп жазган ал.

Кошумчалай кетсек, 4-ноябрга караган түндө журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператору Калыс Аширбеков кармалды. Маалыматка караганда, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Анын колунда 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын адамгерчиликсиз кыйноо катары баалады.

Количество просмотров: 226