• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча кайрылуу кылды

26 Аяк оона 202411:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жыйынында Ноокенде майып кыздын зордуктоо боюнча соту создуктурулуп жатканын айтты.

Анын айтымында, беш адамдын зордуктоосуна кабылган кыздын иште бир жылдан бери соттун чечими чыкпай келет.

«Бир жыл мурун Ноокенде кыз зордукталган. Бул иш боюнча шектүү болгон 5 баланын жакындары, адвокаттары соттук отурумга келбей коюп эле бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай жатат. Кыздын майыптыгы бар, ал дудук, бирок сот анын көрсөтмө беришин талап кылууда. Зордукталганы аз келгенсиз соттун созулушу экинчи кордук болуп келет», — деди Мажитова.

Ал ишти көзөмөлгө алуу үчүн Жогорку Сотко кайрылган.

Количество просмотров: 115