• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Депутат Маматалиев Түлөбаев менен Түмөнбаевден кечирим сурады

27 Чын куран 2022 13:41 Бишкек Govori.TV

Депутат Марлен Маматалиев Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден кечирим сурады. Бул тууралуу ал парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Мына менин колумда 500 бет кагаз турат. Ар бирин өзүнчө караганда 1200 беттен турган регламент. Андан тышкары кырктан ашык депутаттардын сунуштары. 4 саат регламент мыйзамын карадык. Орозо маалында 4 саат кыйын экен. Ар бир депутаттын сунушу кагаз түрүндө берилет. Бирок, ар бирин окуп чыкпайбыз. Кыска эле маңызын карап, мурдагы жана азыркы сунуш, аны кабыл алабызбы же кабыл албайбызбы деп эле карайбыз. Бөлүмдөн техникалык катачылыктары кетип калыптыр, мындай учурлар болот берет. Андай болсо дагы бөлүмдүн атынан, өзүм автор катары деле ушул эки авамдан кечирим сурайбыз» — деди

Эске салсак, буга чейин депутат Маматалиев кесиптеши Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштаганын билдирген.

Көп өтпөй депутат Түлөбаев мындай сунуш келтирбегенин айтып чыккан.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев жыйында Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын кабарлады.

Количество просмотров: 311