Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үй алуу кезегине тура албай жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, МИКтин каттоо системасы өтө татаал. Ал бул системаны кайра карап чыгууну суранды.
Алтынбек Кылычбаев ошондой эле учурда канча батир курулуп жатканы жана анын канчасы Социалдык ипотека программасы боюнча, канчасы «Үлүштүк курулуш» программасы боюнча бериле тургандыгы боюнча түшүндүрмө сурады.