Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан чакыртып алуу маселесин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына сунуштаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Масалиевдин айтымында, Жогорку Кеңештин дарегине айтылып жаткан сындар жетекчиден дагы көз каранды. Төрага Дастан Жумабеков бул кызматка даяр эмес келген.
«Мен фракцияга аны кызматтан чакыртып алууну сунуштадым, ал талкууланып жатат. Колдоо табат деп үмүт кылам… Мен ушундай кадамга барышыбыз керек деп ойлойм. Жок дегенде бир нерсе кылалы», — деген Масалиев.