• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Мажитова Казакстанга 5-6 кесиптешин жөнөтүүнү сунуштады

7 Үчтүн айы 2022 13:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова 5-6 эл өкүлүн Казакстанга жөнөтүү тууралуу сунушун айтты. Ошондой эле депутат Казакстанга аскердик кызматкерлерди жөнөтүүдөн тышкары гуманитардык, медициналык жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Казакстанда абал курч бойдон турганын айтып, казак бийлиги жалпы республика аймагын кооптуу деп жарыя кылганын эскертти.

«Казак бийлиги жалпы республика аймагын террордук аракеттердин кызыл зонасы катары кабыл алды. Алдыда ошого жараша операциялар жүргүзүлөт. Ал жакта ар кандай террордук топтор пайда болуп, маселе жаралып жатат»,-деди Ташиев.

https://www.youtube.com/watch?v=Syk0YKIVs0g
Количество просмотров: 956