• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: «Мен бул жактык эмесмин, оо Эл журт!»

6 Кулжа 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 2-июнундагы отурумунда эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулунун сүйлөгөн сөзү коомчулукта талкуу жаратып, социалдык тармактын колдонуучулары «пахтакор» деп атап, тамаша аралаш сүрөттөрүн жайгарышкан.


Мындан кийин депутат өзүнүн «фейсбук» баракчасы аркылуу коомго кайрылуу ирээтинде билдирүү жазды.


Тексттин өзгөртүүсүз сунуштайбыз:


«Мен бул жактык эмесмин, оо Эл журт!! (Юмор)😂Ынтымак болсок, сын менен кошо жасалып жаткан жакшы иштерди да айткыла дедим 2- июнь куну откон сессияда. Парламенттеги ызы чуу бул демократиянын бар экенин белгиси. Туркменистан же Тундук Корея болуп кеткен жерибиз жок!!Подхалимдер, Пахтакорлор алар башка категориядагы адамдар, дайыма жандарында суу куюп журушу ыктымал. Мен болгону ынтымака жана Ташиевдин кылган жакшы иштерин да айткыла дедим. Бардык адамда плюс минус жактары болот!»,-деп жазды.

Эске салсак, депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди мактаган.
«Ал киши (Камчыбек Ташиев) кыргыз элинин ишенген генералы. Депутаттардын үчтөн бири Ташиевдин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар. Айрымдар ага теңелип, эртең «буттары сынып калбасын». УКМКнын да жакшы иштерин айтышыбыз керек. Бюджеттен бир сом кетирбей, 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн жаңыдан куруп, оңдоодон өткөрүп жатышат. «Байрактар» аскердик техникасын алып келгенин эмнеге айтпайсыңар? Коопсуздук жагын катуу көзөмөлдөп жатышат. Карап отурсам, сындаганга өтүп алдыңар», — деди депутат.

Количество просмотров: 7399