Чек ара чырына байланыштуу ЖК тин жабык жыйынында депутат Жусуп Коргонбай уулу мылтык асынып чыгып кеткен. Бул тууралуу эл өкүлүнө суроо узатсак «балама оюнчук болчу, туулган күнүнө алганмын»,-деген жоопту айтты.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуялар жана азыркы абал бүгүн 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жабык каралууда. Мындай чечимди депутаттар кабыл алган.
Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов айтып берип жатышат.
Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.