Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилбегенин билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган Африкага учактарды лизингге берүү маселеси боюнча КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төмөндөгүлөрдү билдирет.
➡️«Эйр Кыргызстан» ААКсынын учактары Африкага эч качан лизингге берилген эмес, андан тышкары ал жакта калган эмес. Мүмкүн, башка авиакомпанияны айтып, «Эйр Кыргызстан» ААКга тиешеси жок башка учактар жөнүндө сөз болгондур.
➡️«Эйр Кыргызстан» ААК «Кыргызстан авиакомпаниясы» ААКсынын укуктук мураскери болуп саналат. Компания өлкө Президентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү абада ташууну, литердик каттамдарын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жана башка аба ташууларын аткарышат.
➡️Ишкана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына, Эл аралык жарандык авиация уюму стандарттарына жана эрежелерине, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган жарандык авиация чөйрөсүндөгү эл аралык ченемдик укуктук актыларга ылайык жана 2020-жылдын 21-февралындагы коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун протоколу менен бекитилген коомдун уставы боюнча өз ишин жүргүзөт.
➡️Компаниянын негизги ишмердүүлүгү жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык аба ташуу; жаңы ички жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүү жана ачуу болуп эсептелет.
✅Коомдун акционери болуп коомдун уставдык капиталынын 100% акциясына ээлик кылган КР МЭКке караштуу Мамлекеттик мүлк фонду саналат.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кыргызстандын эки учагы Африкага ижарага берилип жүрүп, дайыны чыкпай калганын сынга алган.