• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«1-2 литр арак ичип көр». Депутаттын Абиров катышкан мушташ боюнча айтканы талкууга алынды

16 Жалган куран 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кесиптеши Жусупбек Коргонбай уулу өз пикирин айтып жатып, Абировдун жаранды сабаганын «эркекчилик» катары баалаган.

«Ал кыргыздын патриот уулу. Адам катары жакшы жигит. Эми кимде болбойт мындай окуя… Сен деле 1-2 литр арак ичип көр, анан кандай акыбалда болоорунду көрөсүң», — деген депутат журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Бул коомчулукта талкууга алынып, бир катар кептер жаралды.

Эске салсак, милициянын маалыматына ылайык 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган.

Количество просмотров: 529