Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев кесиптеши депутат Мирлан Самойкожодон Манас эпосунан үзүндүсүн айтып берүүсүн өтүндү.
«Мыйзам долбоорунун автору катары эпостун 5-10 сабын аткарарсыз?», — деди Айдаралиев.
Ага жооп берген депутат Самыйкожо эпостон кыска үзүндү айтып берди.