• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Мирлан Жээнчороев менен Канат Керезбеков кайым айтышты

14 Бугу 2020 13:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.

Депутат  Мирлан Жээнчороев процедуралардын баары бузулуп жатканын айтты.

«Сиз тез арада отставкага кетишиңиз керек. Юридика илимдеринин докторусуз, алардын бетине көө жаап атасыз. Мыйзамды эч кайда каратпай туруп алып келдиңер. Юристсиз, уят деген болушу керек», -деди Жээнчороев.

Керезбеков Жээнчороевди эмоцияга алдырбоого чакырды.

«Бул менин чечимим эмес, комитеттин чечими. Регламент бузулган жок. Өкмөттүн корутундусу бир убакта келип калса, эки мыйзам долбоорун чогуу талкуулайт элек. Азыр каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу апрелде, сиздердин мыйзам долбоору боюнча 12-майда келди», — деди Керезбеков.

Количество просмотров: 406