• Бейшемби 3 Бештин айы 2020

Депутат Мирлан Жээнчороев суракка чакыртылды

19 ноября 2020 в 10:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакыртылды. Маалыматты Govori.TVга өздүк булактар тастыктады.

Маалыматка ылайык, депутат 5-6-октябрдагы окуялар боюнча күбө катары суракка чакыртылган. Жээнчороев пневмония болуп ооруп жатканына байланыштуу, сурак белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Белгилей кетсек, кечээ депутат Жанар Акаев дагы суракка чакыртылган эле.

Количество просмотров: 119