• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакыртылды

25 Чын куран 202213:10 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суракка алынат.

2010-жылы июнь окуясы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Количество просмотров: 3233