Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн, 18-декабрда Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингге утурлай, «Ачык саясат плюс» гезити уюштурган “Кожобекке 1 сом” акциясына 1000 сом акча салды. Аталган видео фейсбук баракчасына жарыяланды.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-декабрда Жогорку сот депутат Кожобек Рыспаевге моралдык чыгым үчүн 300 миң сом төлөп берсин деген чечимди күчүндө калтырды. Буга байланыштуу «Ачык саясат плюс» гезити чыгымды көтөрө албасын айтып акцияга чыгышкан.