• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

6-чакырылыштын депутаттары Рыспаев менен Турускулов учурда кайсы кызматта?

24 Жалган куран 2023 11:13 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2022-2023- жылдагы күз-кыш мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-2024-жылга коюлган пландарды аныктоо максатында жалпы энергокомпаниялардын жетекчилери менен энергетика тармагындагы аткарылып жаткан иштер боюнча жыйын өткөргөн. Бул тууралуу маалымат министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жыйынга “КУЭТ” ААКтын башкы директору, жалпы энергокомпаниялардын жетекчилери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышкан.

Жыйындагы сүрөттөрдөн 6-чакырылыштын депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Кожобек Рыспаевдин отурганын көрүүгө болот.

Мурдагы депутаттар учурда кайсы казаматта экендигин билүү үчүн Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматына байланышканыбызда төмөндөгүлөр белгилүү болду.

«Кожобек Рыспаев «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы. Жургалбек Турускулов болсо директорлор кеңешинин мүчөсү»,-деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, Жыргалбек Турускулов 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. Ал эми Кожобек Рыспаев 2016 — КСДП партиясынан тизмеси менен VI чакырылышка депутат болуп келген.

Количество просмотров: 485