• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмне үчүн кышка даярдык маселеси быйыл парламентте кеч каралды?

20 Тогуздун айы 2021 17:14 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Рыспаев кышка даярдык маселеси быйыл парламентте кеч каралып жатканынын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Күз-кышка даярдыкты өткөн аптада Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында карадык. Кышка даярдык парламентте кеч каралып жатканына Жогорку Кеңеш менен аталган комитеттин күнөөсү жок. Биздин комитет 2-3 жолу кат менен Министрлер кабинетине кайрылган, алар кеч карады. Бул маселе 26-сентябрга чейин каралыш керек болчу, 1 ай кеч каралып жатат. Жалпысынан алганда абал орто деп айтсак болот»,-деди Рыспаев.

Количество просмотров: 184