• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Рыспаев: Электр энергиясы боюнча тариф саясатын эл туура түшүнүш керек

16 Кулжа 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет.

Анын айтымында, электр энергиясы боюнча тариф саясатын эл туура түшүнүш керек.

«Министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга коюп жатканын комитеттин жыйынында айтты. Документте эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Бийик тоолуу аймакта жана татаал шарттагы жерлерде жашагандар үчүн 700 киловатт сааттык (кышында 1000 киловатт саат) лимитти алып коюу жана бирдиктүү 1,09 сомдук тарифти киргизиле турганы айтылды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой кредиттин эң чоң бөлүгү энергетикалык сектордо.  Кымбатчылык өкүм сүрүп жатканда электр жарыгына болгон баа кымбаттап жатканына байланыштуу коомчулукта нааразычылык жаралып жатат. Бирок биз энергетикалык кризистин алдын алуу үчүн кыйналсак дагы энергетика тармагына салымыбызды кошушубуз керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 1564