• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Момбеков уруша кеткен айдоочу тууралуу айтты

5 Аяк оона 2021 10:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ага каршы жазылган арыз боюнча үн катты. Момбеков өзүнүн Instagram баракчасына видео кайрылуу жүктөп, тескерисинче, ага кол салуу болгонун айткан.

Анын айтымында, бул нерсе парламенттик шайлоонун алдында атайылап жасалып жатышы мүмкүн.

«Бул карандай калп. Мен өмүрүмдө айдоочу, жан сакчы жалдаган эмесмин. Өзүм эле унаамды айдап жүрөм. Өткөн күнкү окуя боюнча мен унчукпай эле коёюн дегем. Ички иштер министрлиги маалымат таратсынчы, мен айтпай эле коёюн дегем. Кечке чейин ар кандай маалыматтар чыгып жатты. Элди, өзүмдү дагы кыйнап койдум окшойт деп азыр айтууга туура келүүдө. Бул окуя кечээ кечинде болгон. «Ош базардан» өткөндөн кийин бул жигит менин жолумду чукул кесип чыкты. Мен капталдап өтүп «акшыңдабай эле айдасаң болот го» десем, мени сөгүп калды. Унаасын сүрөткө тартсам «сен эмнеге тартасың» деп сөгүп кирди. Ага көңүл бурган жокмун. Бир карасам артыман кууп алыптыр. Манас кең көчөсүнөн өткөндөн кийин алдыма келип токтоп, унаамдын эшигин ачканга аракет кыла баштады. Айнек ачык болчу, бир-эки жолу колун көтөрүп жиберди. Анан Тоголок Молдо көчөсүнөн өткөндөн кийин кайра унаасын токтотуп, экөөбүз сүйлөшсөк ар кандай коркутууларды айтты. Мен ага кол салган эмесмин. Бул чагымчылдык», — деди депутат.

Буга чейин ЖМКларда эл өкүлү жансакчысы менен Бишкектен айдоочуну сабап салганы тууралуу маалымат тараган.

Количество просмотров: 121