• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сот Момбековдун арызын канааттандырган жок

26 Үчтүн айы 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын административдик соту Рыскелди Момбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Буга анын жогорку кесиптик билими тууралуу алган дипломун УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон.

Момбеков БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган. Анын дипломуна байланыштуу маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

Количество просмотров: 81