• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат мурдагы мэр Ибраимовду кармап келерин айтты

11 Чын куран 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттеринин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду өз алдынча кармап келүүгө уруксат сурады.

«Убагында Бишкек шаардык кеңешинде эки жолу депутат болгом, мен «Албек Ибраимов, сен уурусуң» деп ачык эле айтчымын. Бирок ошол кезде саясий кысымдар менен мандатымдан ажыратып тынышкан. Азыр кылмыш иштери мойнуна коюлган, качып жүрөт. Эгер кармап алып келе албасаңар, мага бир шапалактай укук бергиле, мен балдар менен барып өзүм тутуп алып келейин», — деди Коргонбай уулу.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев эгер кайсы жерде жүргөнү тууралуу маалыматы болсо укук коргоо органдарына беришин сунуштады.

Количество просмотров: 224