• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шаардык сот экс-мэр Азиз Суракматовду камакта калтырды

15 Кулжа 202116:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту мурунку мэр Азиз Суракматовду камакта калтырды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Ага ылайык, Суракматов 28-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармалат.

Эске салсак, 26-майда Азиз Суракматов УКМКга «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Суракматов 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

Количество просмотров: 115