Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовко эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Исаков менен Ибраимов абакка кайтып келген эмес.
Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл “Ала-Тоо” аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышкан. Митингчилер түн ичинде Ак үйдү басып киришкен. Митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Албек Ибраимов да бар болчу.
Ошондогу тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Алардын арасында Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев бар. Алар түзөтүү мекемелерине кайтарылган.
Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу.