Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Башкы прокуратура “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын мурдагы директору Эмир Чукуевге карата ачылган иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Албек Ибраимовдун ошол учурда Бишкек шаарынын мэри жана “Манас” эл аралык аэропортунун” директорлор кеңешинин төрагасы кызматында болуп туруп «Gata havayollari ve tasimacilik» түрк компаниясын жана чет элдик компаниянын эл аралык жүк ташууларына мыйзамсыз жеңилдик берүү жолу менен пайда көргөн аэропорттун кызмат адамдарын колдогону аныкталганын кабарлайт.
«2021-жылы 8-февралда тергөө органдары тарабынан КР Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сырттан айыпталды»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мурдагы мэр Албек Ибраимовго издөө жарыяланган. Ал Бишкекте мектеп курулушундагы коррупция үчүн айыпталган. Ошондой эле «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.