Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин жана келген коноктордун сырткы көрүнүшүнө тынчсызданууда. Бул тууралуу ал 28-январда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, парламентке айрымдары футболкачан, галстуксуз келсе, айрымдары көлөч менен келишет.
Парламентте дресс-код – кийимдин классикалык формасы бар экенин Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга белгилөө керек, деп эсептейт ал.
Мыйзамдын 144-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө бул маселе эске алынган, деп жооп беришти ага кесиптештери.