Бүгүн ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо мектеп окуучуларынын жазгы каникулун жылдырууну сунуштады.
Быйыл мектеп окуучулары жазгы каникулга 17-марттан 24-мартка чейин тарашат.
«Мурда бул каникул 21-марттан 1-апрелге чейин болчу. Ата-энелердин көбү аны мурдагыдай калтырууну суранышууда», — дейт депутат.