• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Орозова Опумбаев менен Жунушалиевди кармоону талап кылды

26 Жетинин айы 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Опумбаев менен Жунушалиев аскер адамдары болгондуктан эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.

Орозова мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди таап жоопко тартууну талап кылды.

«6-7-октябрда эл кооптуу абалда калып жаткан маалда Опумбаев менен Жунушалиев калкты, мекенди таштап качып кетти. Эмнеге экөөнө кылмыш ишин козгоп, кармап келип суракка албайт. Булар аскер адамдары болгондуктан эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу. Экөөнү тең кармап келип жоопко тартууну талап кылам» — деди Орозова.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматын таштап кеткен.

Количество просмотров: 409