• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Орусиянын Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга бөгөт коюу чараларын сындады

27 Чын куран 2023 12:34 Бишкек Govori.TV

Депутат Эмил Токтошев бүгүнкү ЖКнын жалпы жыйынында сөз сүйлөп, жыл башынан бери Орусиянын Роспотребнадзор ишканасы тарабынан Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга бир тараптуу бөгөт коюу чаралары көбөйгөнүн сындады.

Депутаттын айтымында, өндүрүмдөрдү Орусиядан башка да Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорт кылуу жолдорун издөө керек.

«Тилекке каршы, Кыргызстандын өндүрүмдөрүнө кысым күчөп кеткенин көрдүк. Атай кетсем, балык чарбасына, эң ири колбаса өндүрүүчү компания болгон «Тойбосско», сүт өндүрүүчүлөрүнө товарларын экспорттоого бөгөт коюлду. Ошол эле учурда айыл чарба өсүмдүктөрүн да текшерүү күчөгөнүн белгилеп кетем. Балык чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын 90%ы Орусияга экспорттолуп келген, эгерде бул бөгөт алынбаса, анда бул тармак толук талкалануу коркунучунда турат. Же башка өлкөлөргө эспортко чыгууга жаңы рынок табуу керек», — деди Токтошев

Ал белгилегендей, ЕАЭБге мүчө болгон ар бир өлкө өндүрүштө тең ата өнөктөш болушу керек.

Количество просмотров: 67