• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат Осмонов кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды чечүүнү талап кылды

14 Чын куран 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

14-апрелдеги жыйында депутат Айбек Осмонов Казакстандын чек арасында эки аптадан бери оор жүк ташыган машинелер топтолуп турганын айтты.

“Беш чакырымга созулган узундукта биздин фуралар турат. Ошол жерде кафе да, соода күркөсү да жок экен. Үйүнөн тамак ташып отурат экен. Бул эмне деген нерсе? Биздин өкмөт эмне кылып отурат? Барып чечпейби. Азыркы күндө элибизге керектүү товарлар бар анын ичинде. Анда эмне үчүн биз ЕАЭБге кирдик? Болбосо чыгып кетиш керек мындай мамиле кылса”, — деп билдирди депутат.

Белгилей кетсек, айдоочулар чек арадагы тоскоолдуктарга нааразылыгын байма-бай айтып келишет.

13-апрелде казак-кыргыз чек арасындагы «Ак-Тилек» унаа өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машиналардын узун кезеги пайда болуп, унаалардын кезеги дээрлик 4-5 километрди түзгөн. Айдоочулардын айрымдары 3 күндөн бери кезекте тургандыктарын билдирсе, айрымдары ташып келе жаткан азык-түлүктөр бузулуп кетет деп кабатыр.

Количество просмотров: 138