• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат: Президент бизди «легендарлуу парламент» деп атап, жогорку баасын берди

22 Аяк оона 202114:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров VI чакырылышты «легендарлуу парламент» деп атап, жогорку баасын берди. Бул тууралуу 22-сентябрда өткөн парламент жыйынында депутат Самат Ибраев билдирди.

«Садыр Нургожоевич акыркы жолугушуубузда бизге жогорку баасын берди. «VI чакырылыш — легендарлуу парламент» деген сөзүн айтты. Бул өтө чоң жоопкерчиликти жана чоң милдеттерди коёт», — деди Ибраев.

Ошондой эле Ибраев финансылык технология боюнча сунуштаган мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып өттү.


Количество просмотров: 480