Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов чек ара маселеси вице-премьер министрди алмаштыруу менен чечилбейт деген пикирде:
“Кыргыз- тажик чек ара көйгөйүн чечүүдө эки тараптын көз карашы менен аракети бирдей болуш керек. Бир тарап аракет кылганда майнап чыкпайт. Өкмөт же Жеңиш Раззаков маселени чечпей жатат дегенден алысмын. Маселе бир тараптуу чечилбейт, бүгүнкү күндө эки тараптын макулдугу менен тездетип чечип алуу зарыл”,-деди эл өкүлү.