• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Депутат: Садиктеги балдар менен сүйлөшкөндөй келип атасыңар

1 Кулжа 2022 12:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку кеңештин жалпы жыйынында аскердик наамдар, класстык чиндер жана атайын наамдарды белгилөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе каралып, талкууланды. Аталган мыйзам долбоору боюнча эл өкүлү Кундузбек Сулайманов долбоорго шалаакылык менен мамиле жасап жатканына кейиди.

«Өткөнкү талкууда абдан катуу чырылдадык эле. Менин көз алдымда турат. Силерден ушул мыйзам боюнча эмне сунуш болду? Же колунардан эмне келет? Баарибир кабыл алып бересиңер деп келдинерби?», — деп суроо салды.

Эл өкүлү берилген жоопко канааттанбай «садиктин балдары менен сүйлөшкөндөй»,- келип атасынар деп сындады.

«Могу конфетти ала гой да, добушунду бер деп келип жатасыңар. Бул эмне деген мамиле?», — деди.

Количество просмотров: 85