Саламаттык сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен каражат бөлүнгөнү менен дарылануу мекемелеринде жетишээрлик шарт түзүлбөй келет.
«Жалпысынан алганда өлкөдө медицина жаатында заманбап жабдыктар жокко эсе. «Тез жардам» кызматына дагы унаалар жетишпей жаткандыгына күбө болуп келебиз. Өкмөт буга байланыштуу сөзсүз чараларды көрүшү керек»,-деди эл өкүлү.